Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

“Санпа” окуясы боюнча сот өкүмү чыкты


Сузак райондук сотунун көчмө жыйыны 13-июндагы каргашалуу окуя боюнча өкүм чыгарып, 19 айыпталуучунун 17син үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен өмүр бою абакка кескенин аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов кабарлады. Мурда Сузактагы Москва колхозун жетектеп келген Усманжан Аблазов менен дагы бир айыпталуучу Фуркатбек Абдужаборов болсо 25 жылга эркинен ажыратылып, сот булардын да үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүүгө өкүм кылды. Кабарчыбыздын суроолоруна жооп берген жактоочулардын экөөсү соттун мындай өкүмүнө макул эместигин, облустук сотко апелляциялык арыз жолдоноорун билдирди. Бул сот ишин Сузак райондук соту коопсуздук маселелеринен улам Ноокен райондук сотунун имаратында өткөрдү.

Кыргызстандын түштүгүндөгү жайкы коогалаң учурунда, 13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы пахта иштетүүчү “Санпа” заводунун жанында 500-600 киши чогулуп, ары-бери өткөн автоунааларды аткылашкан. Натыйжада он киши мерт болуп, эки адам дайынсыз жоголгон.(SM)

XS
SM
MD
LG