Биздин интернет барагыбызды ургаалдуу колдонуу үчүн бул интернет браузердин жаңы вариантын же башка браузерлерди пайдаланыңыз. Төмөндө өзгөчө таанымал браузерлердин тизмеси берилген.
Жүктөй турган баракка жетүү үчүн тийешелүү белгини басыңыз.
"Эркин Европа / Азаттык Үналгысынын" кызматтары 28 тилде үналгы берүүлөрүн уюштурат. Биздин берүүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү шериктерибиздин толкунунда FM, орто толкун жана башка жыштыктарда уктурулуп келет. Маселен, "Азаттык" үналгысы КТРК жана башка жергиликтүү шериктерибиз аркылуу Кыргызстанда өз берүүлөрүн уктуруп келет. Эгерде берүүлөрүбүздү интернет аркылуу кармап угууда кыйынчылыкка кабылсаңыз, анда биздин техникалык көмөк жаатындагы макалабызды окуп чыгыңыз.
Өзүн теңирчи деп эсептеген Кубанычбек Тезекбаев санаалаштары менен сыйынуу жөрөлгөсүндө.
Жогорку Кеңеште мечит-медреселерди, сыйынуучу жайларды жер салыгынан бошоткон мыйзам долбоору даярдалууда.
Пакистандык ырчы Назиа мындан ары ырдаганды коюп, намазга жыгылаарын жарыялаганы анын көптөгөн күйөрмандары үчүн жагымсыз жаңылык болду.
Оштогу мечиттерде аялдар сыйына турган кааналар даярдалууда. Бул жайга келген кыз-келиндерге имамдар салттуу исламдын жол-жоболору жана туура намаз окууну үйрөтмөкчү.
Ирандын Билим берүү министрлиги мындан ары окуу китептери кыздар менен балдар үчүн өзүнчө басып чыгарыларын жарыялады.
"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу Кыргызстандагы исламчылар менен теңирчилердин тирешүү себептерине арналды.
УКМК диний касташууну козутту деген негизде «Тай тебиш» улуттук спорт өнөрүн түптөгөн Кубанычбек Тезекбаевге кылмыш ишин ачты.
АКШда Республикачыл партиядан президенттикке үмүткер Митт Ромнинин мормон дини тууралуу америкалыктардын өздөрү көп биле бербейт. Айрымдар "мормондор көп аял алат" деп шакаба чегишет.
20 жылдык чыгармачыл тыныгуудан кийин маскөөлүк кыргыз жазуучусу Муса Мураталиевдин жаңы китеби жарык көрдү. Чыңгыз Айтматов менен Төлөгөн Касымбековдон кийинки муундун калемгери жазган роман, аңгеме, макала, жомоктор ондогон тилдерге которулган. Орус тилинде жаңы жарык көргөн «Бурхан менен Мария» китеби, мигранттар, теңирчилик, чыгармачылык жана интернет темаларын келерки айда 70 жашка толуп жаткан жазуучу Жаңыл Жусупжан менен талкуулайт.
Ошто имамдар билимин өркүндөтүү үчүн 20 күндүк окууга киришти. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан чогулган 60тай диниятчы диний экстремизм, салттуу ислам жана динге байланышкан мыйзамдык актылар жөнүндө сабак алышмакчы.
Орусияда Муса Мураталиевдин «Бурхан жана Мария» китеби жарык көрдү. Китептеги эки романда миграция, тарых, дин, өзгөргөн замандагы адамдар ортосундагы алака, анын ичинде жалгыздык темасы бир каармандын тагдыры аркылуу жаңыча чагылдырылат.
7-январда Кыргызстандагы православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөөдө. Таң эрте Бишкектеги жана жер-жерлердеги чиркөөлөрдө сыйынып, шам жагуу жөрөлгөлөрү өткөрүлдү. KKs
7-январда Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) Исанын туулган күнүн белгилөөдө. Таң эрте Бишкектеги жана жер-жерлердеги чиркөөлөрдө сыйынып, шам жагуу жөрөлгөлөрү өткөрүлдү.
Кыргызстанда акыркы учурда пайда болуп жаткан жаңы диний агымдар өлкө коопсуздугуна канчалык коркунуч туудурат, алардын көздөгөн максаты эмне? Теология илимдеринин доктору, саясий илимдердин кандидаты Самаган Мырзаибраимов “Азаттыкка” маек курду.
Кыргызстандын түштүгүндө, айрыкча Баткен аймагында ар түрдүү диний агымдардын аракети күчөп жатат.
ИИМдин 10-башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча жетекчи орун басары Станбек Бакиров экстремизмге каршы күрөш тууралуу маек курду.
Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук
Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)