Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Самара түрмөсүндөгү мусулмандар кысымга кабылганын айтып даттанды


Иллюстрация
Иллюстрация

Татарстанда “Хизб ут-Тахрир” иши менен соттолгон өзбекстандык Зафар Якубов Орусиянын Самара облусундагы №26 түзөтүү колониясында мусулмандар кордолуп жатканын айтып чыкты.

"Idel.Реалии" басылмасына жазган катында белгилегендей, ал болбогон шылтоолор менен бир нече жолу айып изоляторуна жиберилип, үй-бүлөсү менен узак мөөнөттүү жолугушуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.

Мындан тышкары, Якубов колониянын администрациясы абакта отурган борборазиялыктарды мамлекеттик коргонуу буйрутмаларын жасоого мажбурлап, муну менен Украинадагы согушту колдоого милдеттендирет.

Анын жакындары Idel.Realii сайтына билдиргендей, абактын жетекчилиги атайылап диний негизде чыр-чатак жаратат. Ал эми Самара облусунун прокуратурасы мындай мыйзам бузуулар байкалбай турганын билдирүүдө.

"Idel.Реалии" редакциясына Самарадагы 26-түзөтүү колониясындагы мусулман туткундарды кармоонун шарттары тууралуу эки кат келген. Алардын бири "Мемориал" уюму саясий туткун деп тааныган Зафар Якубовдон, экинчиси аты-жөнүн атабайт, бирок анда да Якубовдун жагдайы сүрөттөлөт.

Зафар Якубов
Зафар Якубов

"Мен, Якубов Зафар Набиевич, Өзбекстандын тургуну, Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын №26 түзөтүү колониясынын администрациясынын Өзбекстандын жарандарынын кадыр-баркына шек келтирген мыйзамсыз аракеттерине көңүлүңүздү бургум келет", — деп айтылат биринчи катта.

Зафардын жубайы Алсу Насыбулина "Idel.Реалии" басылмасына ал катты чын эле жолдошу жазганын бышыктады.

"Күйөөмдүн канчалык сабырдуу экенин билем. Бирок бул кат ал жактагы абал адам чыдагыс экенин айгенилеп турат", - деди Алсу.

Тажик тектүү Зафар Якубов 1984-жылы 30-мартта Өзбекстанда туулган, кийин Казанда жашаган. Атайын орто билими бар. Кармалганга чейин бизнес менен алектенген. Үй-бүлөлүү, бойго жете элек үч баланын атасы.

Самара облусундагы №26 колонияда жазасын өтөп жаткан Якубов Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Террордук уюмдун ишин уюштуруу", "Терроризмди каржылоо" беренелери менен 17 жылга соттолгон. 2018-жылдын 24-апрелинен бери камакта отурат.

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматына ылайык, Зафар Якубов Казанда "Хизб-ут-Тахрир идеологиясына негизделген бери дегенде 40 үгүт жыйындарын уюштурган. Ошондой эле бул жыйындарга катышкандардан 2400 рублден кем эмес өлчөмдө салым чогулткан. Каражатка ар кандай адабияттарды басып чыгарып, абакта отурган табакташтарына берген". Ушундай кине менен 2018-жылы Якубовдон тышкары дагы 13 адам камакка алынган.

Якубов өз катында "№26 колониянын администрациясы 2023-жылдын март айынан тарта Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын Самара облустук башкармалыгынын көрсөтмөсү менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Өзбекстандын жарандарын акча төлөнбөгөн жумуштарга мажбурлап, андан баш тарткандарды айып изоляторуна такай камай баштаганын" жазган. Якубов аталган абакта отургандардын укуктары одоно бузулуп жатканын белгилейт.

"№26 колония Орусиянын Украинанын аймагындагы "атайын операциясы" үчүн мамлекеттик коргонуу заказдарын кабыл алгандыктан, абакта отургандарды мажбурлай баштады. 2022-жылы администрация Борбор Азия өлкөлөрүнүн ондогон жарандарын "атайын операцияга" жөнөткөн. Кийинчерээк администрация камактагыларды мамлекеттик коргонуу заказдарын аткарган жумуштарга түрттү. Баш тарткандарды адамгерчиликсиз жазалап келатат", - дейт Якубов.

Анын айтымында, тар муздак камерага алты киши жайгаштырылат. Эртең мененки саат алтыдан түнкү саат 10го чейин керебет берилбейт. Жарыгы начар камерада окуганга же жазганга мүмкүн эмес. Кичинекей терезелери тор менен капталган. Якубов ал жердеги өзбек жарандарынын көбү саламаттыгын жоготконун кошумчалаган.

Зафар Якубов президент Владимир Путин “атайын операцияга” катышкандарга жарандык алууну жеңилдетүү жөнүндө жарлык чыгарышын камактагы борборазиялыктарды согушка жөнөтүүгө шарт түзүү деп ишенимдүү айтууда.

Ал Орусиядагы өзбек жарандары кордолуп жаткан жагдайларга көңүл бурууга, орус өкмөтүнүн өкүлдөрү адам укуктарын тебелеген фактыларды иликтөөгө чакырууда.

Ал эми экинчи анонимдүү катта: "№26 камактагы мусулмандарга каршы репрессиялык саясат" уланып жатканы айтылат. Автор 2023-жылдын 1-июнунда колонияда атайын түзүлгөн комиссия Зафар Якубовду 10 күнгө жаза камерасына жөнөткөн кырдаалды сүрөттөйт.

Бул маалыматты "Idel.Реалии" кабарчысына тастыктаган Якубовдун жубайы Алсу Насыбулина жолдошу айып изоляторуна бир канча жолу камалганын белгиледи. Бирок ал күйөөсүнө коюлган айыптар ойдон чыгарылганына ишенет. Анын айтымында, Якубов мыйзам бузганы тууралуу видео же фото далил жок. Алсу камактагы жолдошун акыркы жолу январда көргөн. Андан бери жолугушууга уруксат берилбейт.

2021-жылдын августунда Idel.Realii Зафар Якубов колониянын аймагында жайгашкан дүкөнгө барганы үчүн жаза камерасына киргизилгенин билдирген. Анда Якубов Федералдык Жаза аткаруу кызматындагылардын катаал мамилесинен улам ачкачылык жарыялаган.

2022-жылы декабрда "Хизб ут-Тахрирге" байланышы бар деп соттолгон Эдуард Низамовдун апасы колониядагы укук бузуулар тууралуу айткан. Рима Низамованын айтымында, Самарадагы №26 колониядагы уулуна жиберген посылканы бербей коюшкан.

Алсу Насыбулинанын айтымында, аталган абакта 50дөн ашуун мусулман болушу мүмкүн.

"Мен уккан маалыматтарга караганда, колониянын кызматкерлери абактагыларды атайылап бири-бирине шыкактап, жаңжал козутушат. Жыйынтыгында, мусулмандар менен башка улуттун же диндин өкүлдөрү чатакташат".

Аталган колониянын жетекчилигинен же ал жерде иштегендерден бул жаатта комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Редакция Самара облусунун прокуратурасынан 2023-жылдын 24-майында түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жаатында жооп алган. Анда "Кайрылууда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар текшерилип, анын жыйынтыгында жазык-аткаруу мыйзамдарынын талаптарын бузуу жана чара көрүү үчүн негиздери табылган жок" деп айтылат.

Зафар Якубовдун жубайы бул жоопко ишенбейт:

" Биз Башкы прокуратурага арыз жаздык, бирок бардык кайрылуулар кайра-кайра облустук деңгээлге багытталып жатат. Ал жакта баары бири-бирин жаап-жашырганы көрүнүп турат", - дейт ал.

"Хизб ут-Тахрир" диний уюмунун ишмердигине бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Орусияда, Кыргызстанда тыюу салынган.

"Эркин Европа/Азаттык радиосунун" татар-башкыр кызматынын "Idel.Реалии" долбоору. Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG