Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

"Полиция жоолугумду жулуп сотко жеткирди"


Сүрөттүн макалага тишеси жок.
Сүрөттүн макалага тишеси жок.

Орусияда мигранттарды жапырт текшерүү жана кармоо кайра күчөдү. Айрым мигранттар диний жүйө менен өлкөдөн чыгарылып же басымга кабылганын айтышууда. "Азаттык" Орусиядан чыгарылган төрт кыргызстандык мигрант аялдын окуясын сунуштайт.

"Беш күн ичинде чыгып кетишим керек"

"Мен азыр эмне кыларымды билбей жатам. Он күн ичинде чыгышың керек деп айтышкан. Дагы беш күн калды. Калчылдап, иштеп жатам", - деп баштады кебин мигрант келин.

Өзүн Айжамал (аты өзгөртүлдү) деп тааныштырган мигрант келин Москва шаарында 2016-жылдан бери иштейт. 21-февралда Москванын Басман райондук соту аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Айжамал ал күндү минтип эстеди:

"Мени полиция кызматкери метродон токтотту. Ал документимди текшерип, ошол жерден кагаз толтуруп, полиция бөлүмүнө алып кетти. Ал жердеy бардык буюмдарыбызды алып койду. Сотко чейин полиция бөлүмүндө бизди эки суткадай кармашты. Тамчы сууга зар болдук. Суу, тамак-аш бербей коюшту. Мен өзүм жоолукчан, хиджаб кийген кызмын. Баарыбызды чечинтип, жоолугумду жулуп, сотко алып жөнөштү. Ал тургай чач байлаган резинкамдан бери алып коюшту. Мен аларга "жоолугу жок сыртка чыкканга болбойт, менин диний ишенимим ага жол бербейт " деп айттым. Алардын менин жоолугума болгон мамилеси ирээнжитти. Жиним келип: "бул жакка кылмыш кылып же киши өлтүрүп келген жокмун. Мага мындай мамиле кылганыңар туура эмес" деп айттым. Полиция ой-боюма койбой жоолугумду кайра жулуп алды. Бири колумду катуу силккенде, үн ката албадым. Алардын баары эркектер болчу".

Айжамалды жана аны менен кармалган башка мигрант аялдарды сотко эки суткадан кийин алып барышкан. Соттун чечими боюнча алардын баары Орусиянын аймагынан он күн ичинде чыгып кетиш керек эле.

"Мен соттун чечимин жакшы түшүнгөн жокмун. Ал жерде эч кимге тушүндүрүп айтышкан жок. Мени менен кошо сотко жеткрилген башка аялдарга да ушул эле кагазды колуна карматышты. Арасында кыргыз, өзбек аялдар бар болчу. Бири мага окшогон жоолукчан эле. Экөөбүздү тең чачыбызды жайып, алып барышкан. Юристтерге кайрылсам, көп акча сурашты. Бул жактагы мекендештер депортация болгонумду айтып жатышат. Казакстан дагы бул кагаз менен киргизбейт дешти алар. Дароо Кыргызстанга кайтышым керектигин айтышты. Мен буга чейин эскертүү алган эмесмин. Ошондуктан соттун бул чечими мен үчүн таң калычтуу болду".

Айжамал Москвадагы кафелердин биринде көп жылдан бери ашпозчу болуп иштейт.

Айжамалга берилген соттун токтому.
Айжамалга берилген соттун токтому.

"Азаттыкка" юрист соттун токтому боюнча Айжамал кеминде беш жылга Орусиядан депортация болгонун билдирди.

"Психиатриялык ооруканага жаткырышты"

Орусиянын "кара тизмесине" кирген дагы бир мигрант келин Психиатриялык ооруканага жаткырылып, өлкөдөн чыгарылган.

"Орусияга 2023-жылы декабрда баргам. Кыргызстандык эжелердин чакыруусу менен барып, алданып калдым. Алар мага жакшы мамиле кылышкан жок. Түн ичинде ич кийимчен үйүнөн кууп чыгып, итине салып берип коюшкан. Айла жок Москвадагы хостелдердин бирине жайгашып калдым".

Алтынай (аты өзгөртүлдү) Москвадагы мигранттар жашаган хостел же жатаканада жашаган. Намаз окуп, жоолук салынган келин ал жерде орус улутундагы жашоочулардан ыдык көргөнүн айтып берди:

"Хостелге түн ичинде келдым. Эки күн көчөгө чыкпай ыйлап жаттым. Итке таланып калгандыктан, аябай коркуп калыптырмын. Хостелде жашагандардын көбү орустар экен. Аялдар да, эркектер да болду. Алар деле мага окшоп, күнүмдүк иштерде иштечү. Бирок, улутума карап, абдан начар мамиле кылып жатышты. "Тоок мээ, эмне отурасың бул жакта, биз кеткенден кийин ашканага кир, эмнеге келдиң Москвага" деп эле тынчтык беришчү эмес. Мен алардан кийин ашканага кирип, жалгыз тамак ичкенге мажбур болчумун".

Алтынай жашаган Москвадагы хостел.
Алтынай жашаган Москвадагы хостел.

Алтынай Москвадагы дүкөндөрдүн биринде пол жууп иштеген. Ал жерде да орус тектүү жумуш берүүчүлөрдүн басымына кабылганын айтты.

"Дүкөндө мени менен кошо өзбек, тажик аялдар көп болду. Алар мага абдан жардам беришти. Көбү мени "үн катпа, эч нерсе дебей иштей бер" дешчү. Үйгө барганда да булардын улутчулдук мамилесине чыда деп жатышты. Бирок, мен орусча жакшы сүйлөйм, оюмду ачык айтам. Чыдай албадым. Хостелдеги уруштардын биринде чыдабай, жооп кайтарып салдым. Алар тез эле полицияны чакырып, мени салып берип коюшту. Мени алып кеткени келген эки кызматкер өз ара "Муну камерага алып бармак белек, орун дагы жок. Эч кимге деле кереги жок да, ким алып кетмек эле. Дуркага эле алып баралы" деп алып жөнөштү".

Ошентип, Алтынай январдын аягында Москвадагы №4 психиатриялык клиникага жаткырылган. Ал ооруканада эки апта жатканын айтып берди.

"Ой-боюма койбой, психиатриялык ооруканага алып келип коюшту. Ал жерде дарыгерлер кабыл алып, башымды тартып, узак мөөнөттү депрессияда жүрөт деген тыянак чыгарышты. Буга чейин күйөөм менен эки башка жолго түшкөнбүз. Мүмкүн ошондон улам ушинтип көрсөттүбү деп ойлоп калдым. Мени менен жаткан палатада венасын кескен, өзүнө кол салган кыздар экен. Алар менен эки жума дарыландым. Ооруканадан чыккандан кийин хостелге кийимдеримди, документимди алганы барсам жабылып калыптыр. Шарты аябай начар эле. Мигранттарды текшерген рейддердин биринде биринен котур чыгып, жабылыптыр. Элчиликтен убактылуу паспорт алып, Кыяргызстанга учуп кеттим. Бул жакка келгенден кийин Орусияга киргенге эки жылга тыюу салынганын билдим. Азыр эми психиатриялык ооруканага жатып чыкканыма байланыштуу каттоого туруп, эч жакка кете албайт экенмин" деп жыйынтыктады сөзүн каарманыбыз.

"Сахароводо ит көрбөгөн кордукту көрдүк"

Биз менен маектешкен дагы бир кыргызстандык мигрант кыздын мекенине кайтарылганына бир жума болгон. Ал ага чейин 16 күн Москвадагы мигранттардын "Сахарово" борборунда кармалып турган.

"Жалпы 2 миңге жакын мигрант болду. Көбү кыргыз, өзбек же тажиктер экен. Аялдардан 100гө жакын болдук. Калгандары эркектер. Эркектерди катуу сабап, электрошокер менен кыйнашат экен. Ушунчалык кордошуптур. Аялдарга кол көтөрбөсө да, жоолугубузду чечтирип, басым көрсөтүп атышты. Алар мыйзамда жоолукчан жүрсө болбойт деп айтышты. Эки жума жалаң суу ичип жашадык. Тамагы эптемей, жыттанып. Аны чынын айтсам итке да бербейсиң".

Каарманыбыздын Москвага барганына алты ай болгон. Бир ай мурдагы текшерүүдө анын аты-жөнү базадан чыкпай, полиция "Сахарово" борборуна алып келгенин айтты:

"Москвада апам экөөбүз эле иштечүбүз.Үй-бүлөдө экөөбүз элебиз. Иштеп, үй алалы деп миграцияга кеткенбиз. Мени кармап кетишкенде апам "Сахароводо" кызымды көрсөткүлө дептир. Алар 35 миң рубль алып, экөөбүздү жолуктурушту. Биздин үндү угуп, укугубузду коргогон эч ким жок экен. Мени менен отурган аялдардын биринин күйөөсү мунун баары мыйзамсыз деп арыз жазган экен. Ал аялды эки айча кое беришпептир. Мен анын баарын угуп, үн катпай эле отурдум. "Сахароводо" полиция өзгөчө эркектерди экинчи бул жакка келбегидей кылып сабайт экен. Алар "келбегиле" деп урушуп да атышты.

"Сахарово" борбору.
"Сахарово" борбору.

Борбордун ичиндеги шарт интернетте көрсөткөндөй эмес. Аябай начар. 16 күндөн кийин бир канча эркек, аял мигранттары полиция өзү аэропортко алып барды. Жеткиче телефонго колубузга карматышкан жок. Биз менен кошо Кыргызстанга рейсти беш саат күтүп отуруп, учакка салып, анан телефонубузду беришти. Кызыгы, мен кетип баратканда бир топ жоолукчан мигрант аялдарды алып келишти", - деп сөзүн жыйынтыктады маектешим.

"Кош бойлуу келин депортация болгон"

Дагы бир келиндин окуясын аны менен кошо жашаган Москвадагы кыргызстандык аял айтып берди. Анын айтымында, кыргызстандык сегиз айлык боюнда бар келинди полиция кармап, "Сахарового" жаткырган.

"Ал келиндин күйөөсү мындан бир нече ай мурда депортация болгон. Ал кезде келин кош бойлуу болуп, дарыгерлер уруксат бербегендиктен Кыргызстанга учуп кете алган эмес. Анан эле он күн мурун Москвада кармалып калып жатпайбы. Аны күчтөп барып, "Сахаровго" жаткырышыптыр. Ушунчалык таң калдым. Бүгүн-эртең көз жарат деген аялды анча эмнеге кыйнашты? Ал борбордо жалаң суу ичип, жатыптыр. Кечээ жактоочу кирип, бүгүн чыгарын айтты. Бүгүн кечинде Кыргызстанга учуп кетиши керек. Негизи акыркы күндөрү рейддер аябай көп болуп, депортация болгондор арбын".

Мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков соңку кезде Орусияга барган мигранттар диний жүйө менен өлкөдөн чыгарылган учурлар көбөйгөнүн ырастады. Анын айтымында, мындай учурда мигранттарга кеминде 45 жыл өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

"Акыркы учурда сырткы келбети боюнча, паспортко сакалчан түшсө диний кийимчен кишилерди өтө көп кайтарып жатышат. Негизи Украина менен согушка байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Бирок бул диний өзгөчөлүгүнө байланыштуу болбошу керек эле. Бул нерсени бир гана ксенофобия, исламофобияга байланыштырам. Эч кандай жүйөлүү себептери жок".

Валентина Чупик
Валентина Чупик

Ал эми мигранттардын укуктарын коргогон Валентина Чупик жоолукчан келиндер дароо полициянын көзүнө чалдыгып, көбүрөөк басымына чалдыгышы мүмкүн дешет:

"Аялдар албетте көп учурда жоолугу үчүн эмес, мыйзамсыз жүргөнү жазаланат. Ал эми хиджаб сөзсүз полициянын көзүнө учурап, жоолук салынган аялдарды көбүрөөк текшерген учурлар бар".

Эки жыл мурдв Украинада согуш башталганы Орусияда эмгек мигранттарын текшерүү күчөдү. Көбүнесе борбор азиялыктарды жашап жаткан батиринен, жумуш ордунан, метродон текшерип, мечиттерге күч менен кирип барган учурлар катталды. Мигранттардын айрымдарына аскерге чакыруу кагаздары берилсе, кээ бирлери Орусиядан чыгарылды. Жаңы жылга караган түнү Санкт-Петербургда 3 миң мигрант кармалып, 600дөйүнүн "документи туура эмес" деп чыккан. Жүздөн ашууну Орусиянын аймагынан депортацияланган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG