Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:12

Ош милициясынын мушташкан жетекчилери кызматтан алынды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто облустук милиция жетекчилери өз ара мушташканы белгилүү болуп, кызматтан алынды. Интернетте кийимдери, бети-башы канжалаган мас кишилердин видеосу тарап, алар милиция кызматкерлери экени айтылган.

Погончондор эмнеге мушташкан?

Социалдык тармактарда тараган видеодон улам Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, анын үч орун басары - Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев кызматтан алынды. ИИМдин басма сөз кызматы топтолгон материалдарга ылайык иштен айдалган кызматкерлердин иш-аракетине юридикалык баа берилерин кабарлады.

“Кызматкерлердин бул жүрүм-туруму кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу принциптерин бузган. Милиция кызматкерлеринин ушул сыяктуу жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал мамиле жасалат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ИИМ “жетекчи курамынын кызматкерлери пикир келишпестик менен өз ара мушташкан” деп билдирди. Азырынча иштен алынган жетекчилер комментарий бере элек.

26-ноябрда интернетте тараган кыскача видеодо мас абалындагы эки киши көчөдө бири-бирин жөлөп-таяп басып баратканын, биринин бети, кийимдери кан экенин көрүүгө болот. Алар 27-ноябрда кызматтан алынган жетекчилер экени айтылды. Видео качан тартылганы жана облустук милициянын орун басарларынын мушташка жеткирген чырына эмес себеп болгону белгисиз.

Тартипсиз тартип сакчылары жазага тартылабы?

Тартип сакчыларынын өзү тартип бузган учур алгачкы жолу катталган жок. Жарандык активист Афтандил Жоробеков мындай жосунсуз жоруктардын токтобой жатышына милиция өкүлдөрүнүн жазасыз калып жатканы себеп болууда дейт.

“Адашпасам, бир жыл мурун башкы прокурор жаткан мейманканада милициянын мушташы болгон. Тилекке каршы, ал окуяда кылмыш иши козголуп, аягы билинбей калды. Андан мурун Жалал-Абадда дагы ушундай мушташ болгон. Анда деле эч ким жазаланган эмес. Ошто мыйзам иштебейт. Ошондуктан мындай окуялар дагы кайталанат”, - деди Жоробеков.

Өткөн жылы сентябрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Оштогу иш сапарларынын биринде милиция кызматкерлеринин мушташына өзү күбө болгонун айтып, күч органдарын кескин сынга алган. Погончондордун мушташын атайын кызмат териштирип жатканы айтылып, бирок аягы эмне менен бүткөнү беймаалым кала берген.

Иштен айдалган милиция жетекчилери кимдер?

Эми иштен айдалган милиция жетекчилерине кыскача токтолсок.

Алмаз Усеналиев - 2022-жылы декабрь айында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчилик кызматынан алынган. Ага Кочкордогу уюшкан кылмыштуу топ боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы себеп болгон. Андан 2-3 ай өтпөй Усеналиев Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп барган. Ошентип, кемчилиги үчүн иштен алынган полковник көп өтпөй жогорку кызматка барган.


Ал эми Салмоорбек Шералиев жөнүндө ачык булактардан маалымат таба алган жокпуз.

Сындан арылбаган министр жана иликтөө

Ички иштер органдарында ишиндеги кемчилиги үчүн кызматтан кетип, кайра башка орунга баргандар арбын. Маселен, уурдалып ажал тапкан Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу окуяда Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган. Кийин ал ички иштер министри Улан Ниязбековго кеңешчи болгону айтылган.

Министр демекчи, аялдардын укугу, активисттерди аңдуу сыяктуу иштерде Ниязбековго сын-пикир көп айтылып келе жатат. Анын отставкасын талап кылган бир нече акциялар дагы өткөн. Жакында эле Temirov LIVE Ютуб каналында Улан Ниязбековдун ишмердигиндеги шек жараткан жагдайлар тууралуу видео жарыялады. Анда министрдин буга чейинки кызматы, мүлкү жана байланыштары баяндалат.

“Бул көчө катуу кайтарууга алынган. Спутниктеги картада үйлөрдүн бассейндери бар экенин көрүүгө болот. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Улан Ниязбеков ушул көчөдө жашайт. Чындыгында Оксфорд мектебинин жанындагы бул үйлөрдүн бири Улан Ниязбековдун апасы Сабира Мырсалиевага таандык. Быйыл дагы жанаша жайгашкан эки хансарай сатып алынганын биле алдык. Ал үйлөр тууганы Мырсалиев Абдымаликке катталган. Жалпысынан бул хансарайлардын баасы 1,5 млн долларга жакын же болжол менен 170 млн сом”, - деп баяндалат иликтөөдө.

Азырынча министр Ниязбеков журналисттердин видеосуна жооп бере элек.

Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Улан Жумаков милицияга карата айтылган дооматтарга макул эмес. Ал кемчиликтер менен кошо реформага аракет болуп жатканын айтты.

"Министр чоң аракет кылып жатат. Машина, форма, жол инспекторлоруна техника сыяктуу иштер жасалып жатат. Оң жактарын дагы айтышыбыз керек. Терроризм менен күрөшүүдө чоң иштер жасалды. Дмитриевка, Оштогу атышууларда жакшы иш кылды. Чет өлкөлөрдүн президенттери чогулган жыйындардын бардыгында коопсуздукту жетиштүү камсыздады. Тоноо, карактоо сыяктуу криминал менен дагы ишти күчөтүш керек. Болгону кол алындагы шалаакы иштеген жетекчилерди кызматтан айдашы зарыл", - деди Жумаков.

Ички иштер министрлигинин сентябрь айындагы жыйынында соңку алты ай ичинде 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилгени кабарланган. Алардын 63ү жетекчилик кызматта иштегендер. Ошол эле учурда “Тартип уставына" өзгөртүү киргизилип жатат. Анда кемчилик кетирген кызматкерлерди ички иштер органдарынан бошотуу менен гана чектелбестен, атайын наамынан ажыратуу дагы каралган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG