Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Орусияда мигранттарга такси айдоого тыюу салынууда


Москванын көчөсүндөгү таксилер.
Москванын көчөсүндөгү таксилер.

Орусиянын Камчатка крайы, Новосибирск баш болгон онго чукул облусунда мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды. Мындан сырткары алар дүкөндөрдө сатуучу, айдоочу болуп да иштей албайт.

Облус жетекчилери мындай чечимдерин коопсуздукка байланыштырган. Айрымдар "түрдүү кылмыштарды жасаган мигранттар көбүнчө таксиде мыйзамсыз иштеше турганын" айткан.

Жаңы чечимге ылайык, ушундай кызматтарда патент менен иштеген чет элдиктер эки ай ичинде жумуштан кетүүгө тийиш. Миграция маселелери боюнча эксперттер соңку жылдары Орусияда кабыл алынган чечимдердин айрымдары адам укугун бузуп, Конституцияга каршы келерин белгилешүүдө. Бул чечим кыргыз мигранттарына кандай таасир этет?

Орусиядагы катар-катар чечимдер

Орусиянын Новосибирск облусунда эмгек мигранттарына таксист, ичимдик жана тамеки сатуучу, айдоочу болуп иштөөгө тыюу салынды.

Губернатор Андрей Травниковдун 15-апрелде кол койгон жарлыгына ылайык, бул аймактарда иштеп жаткан ишканалар чет элдик жумушчуларынын санын берүүгө тийиш. Бул "улуттук коопсуздукту, Новосибирск облусунун калкынын өмүрүн жана ден соолугун камсыздоо максатында" жасалууда.

16-апрелде Камчатка крайынын губернатору Владимир Солодов патент менен иштеген мигранттарга аймак боюнча таксиде иштөөгө тыюу салган. Облус жетекчиси мындай чечимин "аймакта көбүнчө түрдүү кылмыштарды жасаган мигранттар таксиде мыйзамсыз иштешет" деп түшүндүргөн.

"Чет элдик жарандарга таксиде иштөөгө тыюу салуу чечимин кабыл алдым. Токтом ушул жылдын жаз айынын соңунда күчүнө кирет жана бул Камчаткада патент менен иштеген чет элдиктерге тиешелүү. Тилекке каршы, көбүнчө облуста ар кандай кылмыштарды жасаган мыйзамсыз мигранттар таксиде иштейт. Көрүлгөн чара жана жалпысынан миграциялык саясатты катаалдаштыруу такси менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү рынокту коопсуз кыларына ишенем", - деп жазган губернатор Солодов Телеграмдагы расмий баракчада.


Буга чейин ушундай эле тыюу Орусиянын Тула, Калуга, Челябинск облусунда, Якутия жумуриятында жана Москва аннексиялап алган Крымда кабыл алынган.

Облус жетекчилеринин чечимдери патент менен иштеген чет элдиктерге тиешелүү. Демек, бул чечим Кыргызстан мүчө болгон Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жоктугу айтылууда. Ошентсе да, мындай чечим башка мигранттарга таасирин тийгизбейби деп кооптонгондор жок эмес.

"Бул тыюунун кыргызстандык мигранттарга тиешеси жок"

Орусияга Борбор Азиядан барган мигранттар арасында таксист, сатуучу болуп иштегендер арбын. Бул токтомдон кийин көптөрү иштен кетип, кээ бири жумуштан айдалып жатканын Новосибирск шаарында такси паркын иштеткен, өзүн Бакыт деп тааныштырган кыргызстандык мигрант айтып берди:

"Азыр такси кызматында иштегенге өзбек, тажик, азербайжан жарандарына тыюу салынган. 15-апрелден баштап токтом чыкты, эми алар соода-сатык, дарыкана, ичимдик, тамеки саткан дүкөндөрдө иштей албайт. Бул бир гана патент менен иштегендерге тийиштүү. Болбой эле иштесе, депортация болот. Негизинен тыюу эки жыл мурда эле салынган. Алар Кыргызстандын паспортун ала коюп же кыргыз балдардын айдоочулук күбөлүгүн алып, аккаунттарын сатып алып же жасалма кылып иштеп жатышкан. Алар эми курулуш тармагында, анан короо шыпыргыч болуп гана иштей алышат. Аларга деле кыйын болду. "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин көп эле тажиктер кетип калды да. Анча-мынча орусча билбеген кыргызстандык таксисттер түшүндүрө албай кыйналып жатышат. Кээ бирлери жөн жерден эле депортация болуп кетүүдө. Биздин жарандар патент албайт, лицензия, камсыздандыруу деген керектүү документтерин эле толуктап иштей берсе болот. Азыр таза эмгек келишимин табуу кыйын болууда".

Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жаркынбай Тойтуков бул тыюу Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жоктугун айтты:

"Биздин жарандар бул тизмеге кирбейт. Мен өзүм дагы тактадым. Бул жерде патенттин негизинде иштегендер деп көрсөтүп турат. Кыргызстандын жарандары эмгек келишимдин негизинде иштешет. Негизи кыргызстандыктар көбүнчө мыйзамды бузбай жүргөндүктөн, анча деле чектөөлөр болбойт. Соңку учурда тажикстандык жарандар кичине ызы-чуу кылып жиберди эле, ошонун айынан башка мигранттар дагы жабыркап калып жатат. Азыр жаңы келгендердин көбү эле такси кызматында иштеп жатат. Жок дегенде 20% ушул багытта иштейт. Бул жерде үч жылдан жогору стаж талап кылынат".

Юрист жана, миграция боюнча адис Мирлан Токтобеков ушул багытта укугу бузулган кыргызстандыктарды маселени юрист аркылуу чечүүгө чакырды:

"Көп мигранттар укуктук маселелерди билбейт, түшүнбөйт. Ошондуктан кооптоно берет. Кайсы бир таксистти иштетпей жатса, ал юристтерге кат жүзүндө кайрылышы керек. Ошонун негизинде губернаторго же башка жактарга кат жазып, калыбына келтирсе болот".

Буга чейин Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусияда жүргөн кыргыз жарандарына 2024-жылдын 1-апрелинен баштап “Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилгенин эскерткен.


Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, кыргыз жарандарынын Орусияда жашап турууга уруксаты же ал өлкөнүн жарандыгын алган күндөн тартып бир жылдан кийин Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгү бул өлкөдө жараксыз деп табылат.

Элчилик мунун алдында Орусиянын аймактарында такси кызматында иштеген кыргызстандыктарды бул өлкөнүн мыйзамдарын сактоого жана Кыргызстанда соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалымкаттарды алууга чакырган.

Ксенофобиялык маанай күчөдү


2023-жылы октябрда Мамлекеттик Думага чет өлкөлүк жарандарга мектептерде, фармацевтика тармагында, мамлекеттик медициналык мекемелерде, такси жана жүк ташууда иштөөгө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору киргизилген.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой мигранттарга курьер, таксист жана сатуучу болуп иштөөгө тыюу салууну сунуштаган.

“Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык (ишенбей, чочулаган) маанай күчөдү. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо кызматкерлери чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине рейд жүргүзө баштады. Кээ бир учурларда мигранттар аскер комиссариатында каттоого алынды.


Буга чейинки расмий маалыматтарда Орусияда жашап, иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылган.

ТИМдин маалыматында, ушу тапта бул өлкөдө 410 миңдей кыргызстандык иштеп жатат. Ал жакта такси кызматтарында иштеген кыргыздар көп экени айтылып келет.

Орусия Украинага согуш ачкан 2022-жылдын февралынан кийин мигранттардын көбү Батышка, АКШга ооду. Соңку бир жылда эле 180 миңдей кыргызстандык Орусиядан чыгып кеткени кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG