Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Иран Израилдин соккусун эмнеге ачык айткан жок?


Ирандык аял Тегерандагы Израилге каршы маанайдагы жарнактын жанынан өтүп баратат. 19-апрель, 2024-жыл.
Ирандык аял Тегерандагы Израилге каршы маанайдагы жарнактын жанынан өтүп баратат. 19-апрель, 2024-жыл.

Израил Тегерандын буга чейинки чабуулуна жооп катары 19-апрелге караган түнү Ирандын аймагына сокку урганын америкалык маалымат каражаттары жазышты. Ирандын бийлиги үч чакан дрон атып түшүрүлгөнүн гана билдирип, чабуулдун чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.

19-апрелдин таңында, Ирандын Жогорку руханий лидери Али Хаменеи 85 жашка толгон күнү өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Исфахан шаарынан анча алыс эмес жерде жарылуулардын үнү угулду. Мамлекеттик телеканалдар баары жайында экенин билдирди.

Бир катар америкалык маалымат каражаттары АКШ бийлигиндеги булактарына таянып, Израил Ирандын аймагына ракета же дрон менен сокку урганын жазышты.

Социалдык тармактарга тараган видеолордон Исфахан шаарынын жанында бир нече жардыруу болгонун көрүүгө болот.

Ирандын Исфахан шаарынын картасы.
Ирандын Исфахан шаарынын картасы.

Ирандын Киберкосмос боюнча улуттук борборунун өкүлү Хосейн Делириян америкалык медианын жазгандарын төгүндөп, эч кандай чабуул болбогонун X социалдык түйүнүнө жазды.

"Жаңы Америка коопсуздугу" борборунун илимий кызматкери, Жакынкы Чыгыш боюнча адис Жонатан Лорддун пикиринде, Тегерандын мындай реакциясы жаңжалды ырбатууну каалабастыгын билдирет:

"Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары чабуулдун маанилүүлүгүн азайтып, Исфахандын үстүнөн бир нече чакан дронду ирандык абадан коргонуу системалары атып түшүргөнүн жазышты. Мунун баары Иран чабуулдун кесепеттерин жокко эсе кылып, эскалация мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн айтылган сыяктанат". Эксперт белгилегендей, Израил Исфахандын тегерек четинде бутага ала турган көп жайлар, анын ичинде айрым өзөктүк изилдөө лабораториялары бар. Ал чөлкөмдө Натанзедеги өзөктүк объект жана дрондор менен заманбап баллистикалык ракеталарды чыгаруучу ишканалар жайгашкан.

Байкоочулардын пикиринде, дрон-квадрокоптерлер алыска уча албайт. Ошондуктан чабуул Ирандын эле аймагынан жасалганын боолгосо болот.

Израил Ирандагы кол салуу үчүн расмий жоопкерчилик алган жок. Эксперттер муну менен Тель-Авив Тегеранга так белги бергенин айтышууда.

Израилдеги Улуттук коопсуздук иликтөө институтунун улук илимий кызматкери Раз Зиммт белгилегендей, Тель-Авивдин мындай дрондорду колдонгону ырасталса, анда алардын башкы максаты Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн алсыз жерлерин көрсөтүү болгон.

“Израил жоопкерчиликти мойнуна алган жок. Албетте, албайт деп ойлойм. Ушул тапта моюнга албоо тобокелдикти арттырбоо үчүн абдан маанилүү. Анткени бул ирандыктардын жооп беришине шылтоо болбойт”, - дейт Зиммт.

Рейтер агентти ысымын атабаган ирандык аткаминерге шилтеме жасап, Тегеран жооп катары сокку урууну пландабаганын жазды.

Буга чейин Ирандын бийлиги Израилди Исфахандагы аскердик жайларды дрон менен бутага алып келген деп айыптаган. 2023-жылдын башында аскердик завод зыянга учураган. Үч айдан кийин Иран ушул эле калаадагы Коргоо министрлигинин комплексине жасалган дрондордун чабуулунун мизин кайтарганын билдирген.

Тегерандын болуп көрбөгөндөй чабуулу

Иран 13-апрелде Израилдин аймагына 300дөй ракета жана дрон менен абадан буга чейин болуп көрбөгөндөй чабуул койгон. Алардын 99% америкалык, британиялык жана франциялык абадан коргонуу системаларынын жардамы менен атып түшүрүлгөн. Дрондорду тосууга Иордания да көмөктөшкөн.

Тегеран бул 1-апрелдеги Ирандын Сириядагы консулдугуна жасалган кол салуу үчүн жооп чара экенин билдирди. Муну Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амирабдоллахян 18-апрелде БУУнун жыйынында дагы бир жолу кайталады:

"Ирандын 13-апрелдеги аскердик кол салышы зарыл болчу, анткени башка аргасы жок эле. Экинчиден, бул израил режиминин Ирандын кызыкчылыктарына, өзгөчө Сириядагы элчилигибизге жасалган бир нече жолку кол салууларына жооп катары жасалган".

Израил жоопкерчилик албаган ал чабуулда бир нече ирандык аскер, анын ичинен эки генералдын өмүрү кыйылган.

"Биз жекшембиде күбө болгондой, бул Ирандын Израилге ишенимдүү адамдары жана өнөктөштөрү аркылуу гана сокку уруу сыяктуу саясатына дал келбеген, болуп көрбөгөндөй чабуул жасалды. 300дөй дрон, баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен сокку буга чейин чөлкөмдө урулган эмес. Бул тарыхтагы эң ири аба чабуулу болуп калды. Ошондуктан Израилдин коргонуу мекемелери Иранга каршы олуттуу чараларды көрүү керек деп эсептешти", - дейт "Жаңы Америка коопсуздугу" борборунун илимий кызматкери, Жакынкы Чыгыш боюнча адис Жонатан Лорд.

Расмий Тегеран ал чабуулдан кийин чыңалууну каалабастыгын билдирген. Ал эми Израилдин аскердик кабинети улам чогулуп, Иранга кандайча жана качан кол салуу маселесин талкуулап жаткан.

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик билдиргендей, Ирандын өзөктүк жайлары эч кандай зыянга учураган эмес. Буга чейин бул объектилер Израил Иранга сокку урса, бутага алынышы мүмкүн экени айтылып жүргөн.

“МАГАТЭ Ирандагы өзөктүк объектилерге эч кандай зыян келтирилбегенин ырастайт”, - деп жазды БУУнун өзөктүк коопсуздукка көз салган агенттиги X социалдык түйүнүнө (мурдагы Твиттерге).

Баш катчы Рафаэл Гросси баарын сабырдуулукка чакырып, өзөктүк объектилер эч качан аскердик жаңжалдардын бутасына айланбашы керек экенин кайталады, "МАГАТЭ кырдаалга тыкыр көз салууда”.

19-апреде Израил Сириянын түштүгүндөгү аскердик жайларына сокку урганы кабарланды. “Франц-пресс” агенттиги маалымдагандай, Сириядагы адам укуктарына көз салган Британияда жайгашкан уюмдун башчысы Рами Абдель Рахман Израилдин соккулары Сувейда менен Дараа провинцияларынын ортосундагы “сирия армиясынын курулмаларына сокку урганын” билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG