Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

"Бөйрөк сатышкан". Көмүскөдөгү орган соодасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) адам органдарын чет өлкөлөргө мыйзамсыз сатууну уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

"Бөйрөгүн 1000 долларга баалаган"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 17-апрелде бөйрөгүн трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду чет өлкөгө жөнөтүп жаткан жеринен К.А.К. жана З.Р.З. аттуу кыргыз жарандары шектүү катары кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, К.А.К. аттуу шектүү чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммада - 80 миң долларга чейин төлөөгө даяр бейтаптарды издеген. Аларга Кыргызстандын аймагынан жарандарды ички органдарын акчага сатууга азгырышкан.

“Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен 1 миң АКШ долларынан 7 миң АКШ долларына чейин, жалдоочулар болсо ар бир жиберилген донор үчүн 3 миң АКШ долларына чейин алышкан, ал эми акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна 30 миң доллардан 70 миң АКШ долларына чейин түшүп турган”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат уюштуруучулар донорлорду медициналык кароодон өткөрбөстөн, ден соолугу жана туугандык байланышы жөнүндө документтерди мыйзамсыз жасатып, чет өлкөгө жөнөтүп турганын билдирди. Алар атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.

"Мурдагы министрдин жакыны"

Kaktus.media басылмасы К.А.К. аттуу шектүү мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиевдин тууганы экенин жазышты. Шектүүнүн жакындары аны тастыктап, “К.А.К. эч кандай күнөөсү жок экенин” билдиришти. Экинчи шектүүнүн жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Медицина тармагындагы серепчилер Кыргызстанда адамдын ички органдарын, айрыкча бөйрөк соодалоо боюнча мыйзамсыз схемалар бар экенин айтып келишет.

Медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова Борбор Азияда мыйзамсыз донорлукка азгыруу күч экенин белгилейт:

Бермет Барыктабасова.
Бермет Барыктабасова.

“Мына УКМК схеманы аныктады. Бардыгы “бул жалгыз бир эле схема болгонбу” деп сурап жатышат. Албетте, жок. Алар картель болуп алышкан. Айрымдар жокчулуктан макул болушат. Баасы 5 миң доллар болсо, айрымдарды мажбурлап эле 500 долларга сатып алышат. Болбогон 500 доллар үчүн майып болуп каласың”.

Донорлордун жайнаган жарнамасы

Ар кандай жарнамалык сайттарда “донор издейм” же “донор болом, бөйрөгүмдү сатам” деген жарыялар жетиштүү. Алардын арасынан кыргызстандыктарды дагы көрүүгө болот.

Жарнамадан алынган скриншот.
Жарнамадан алынган скриншот.

Кыргызстандагы трансплантация жөнүндө жакында эле кабыл алынган мыйзамга ылайык, донорлордун тизмеси кеңейтилип, ага бейтаптын ата-энеси менен бир туугандарынан тышкары балдары жана башка туугандары да киргизилген.

Медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова бул тармакта көзөмөлдү күчөтүү керек дейт:

“Аябай жакшы мыйзам керек. Адамдардын коопсуздугуна кепилдик болушу зарыл. Орган алгандардын гана эмес, донорлордун дагы коопсуздугу сакталып, алардын реестри түзүлүшү керек. Жакын же алыс тууганы экенин аныктаган документтер тыкыр текшерилиши зарыл. Жаңы мыйзам органдарды алууга болгондордун туугандык байланыштарын кеңейтти. Бул, балким, бейтаптарга жакшы. Бирок көзөмөл үч эсе күчөтүлүшү керек”.

2020-жылы Түркиянын “Анадолу” агенттиги Стамбулдагы менчик ооруканалардын биринде Кыргызстандын эки жараны кармалганын, алар жасалма документ аркылуу өздөрүн таяке-жээн катары көрсөтүп, бөйрөк алмаштыруу үчүн Түркияга барганын кабарлаган. Бул иш эмне менен аяктаганы белгисиз.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда адам органдарын алмаштырууга көзөмөл күчөтүлгөнүн "Азаттыкка" билдирди:

"Мыйзам боюнча Кыргызстанда орган сатууга тыюу салынган. Биз парламент кабыл алган мыйзамга ылайык туугандарыныкын гана алабыз".

"Жашоо жана гемодиализ" коомунун жетекчиси Анара Раимкулова буга чейин "Азаттыкка" Кыргызстанда маркумдарды донор кылууга уруксат берген мыйзам кабыл алынса, эл орган алмаштыруу үчүн четке кетпейт эле деген оюн билдирген:

Анара Раимкулова.
Анара Раимкулова.

"Кыргызстанда донору жоктор үчүн өлгөн адамдыкын ала турган мыйзам киргизип бергиле десек, “кара базар" өнүгүп кетет дешти. Чоң-чоң мамлекеттер бул жагын караштырып койгон. Мисалы, Орусияда, Казакстанда бар. Бир адам аз дегенде жети кишиге донор боло алат. Чет өлкөдө кээ бир адамдар тирүү кезинде эле органдарын алууга макулдугун берип коёт экен. Бизде ушул мыйзамды кабыл алгандан коркуп атышат. Биз операцияга акча чогулта баштаганда, "бөйрөгүмдү сатам" дегендер чалышат. Бирок андайларга ишенүү кыйын. Ошентип, акчасын алып, алдап кеткендер толтура болот экен. Анан калса бизде башка кишини донор кылганга уруксат берген мыйзам жок. Кыргызстанда жакындары донор болсо гана алмаштырат. Орган алмаштыруу жолдорун жеңилдетсе, адамдар операция үчүн чет жакка кетпейт эле".

Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексинин 141-беренеси ("Адамдын органдарын же ткандарын трансплантация жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу, ошого тете аларды мыйзамсыз сатуу") боюнча күнөөлүү деп табылгандар беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда акыркы беш жылда бөйрөктү алмаштыруу боюнча 44 операция жасалган. Кыргыз-Түрк "Достук" клиникасында быйыл августта бөйрөк трансплантациясы боюнча алгачкы операция жасалып, ушул күнгө чейин үч бейтаптын бөйрөгү алмаштырылды.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар. Бул процедуралар мамлекет эсебинен каржыланат. Ал үчүн бюджеттен жылына 2,5 млрд сом бөлүнөт. Ошондой эле гемодиализ алгандарга биринчи топтогу майыптык берилет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG