Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Баткен: курулган үйлөр, ачылган иштер, "Азаттыктын" иликтөөсү


Баткенди калыбына келтирүү: үй курган ишкерге издөө жарыяланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:33 0:00

Баткенди калыбына келтирүү: үй курган ишкерге издөө жарыяланды

Кыргызстандын Ички иштер министирлиги Баткен облусундагы турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү кармалганын, ал эми "Алмалы-Доор Курулуш" ишканасынын жетекчисине издөө жарыяланганын маалымдады.

Парламентте жергиликтүү ишкерлер Баткенде үй курган ишканалардан миллиондогон акчасын ала албай жатканы жөнүндө маселе көтөрүлгөн. 15-июнда “Азаттык” иликтөө жарыялап, анда Достук жана Капчыгай айылдарында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электиги айтылат.

"Тендерди “Аманат Строй Инвест” ишканасы уткан"

Максат айлынын тургуну Санавар Баратова жаңы курулган ак өргөсүндө жашап жатканына бир ай болду. Оокатын жайгаштырып, ашканасына ысык-муздак суусунан бери киргизип, эми уул-кызынын жакшылыгын ушул үйдө өткөрсөм деп тилек кылууда.

“Көчүп киргенибизге эми бир ай болду. Күйөөм уста болгондуктан курулушчуларга кошулуп, бүткөрүп алдык. Усталарга дагы, президентке дагы ыракмат”, - деди жергиликтүү тургун.

Өкмөт Баткенде талкаланган 417 үйдүн 416сы толук бүткөнүн, 1 үй эки күндүн ичинде даяр болорун билдирди. 15-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенде жаңы салынган үйлөрдү барып көрдү.

Үйлөрдү курууга мамлекеттик казынадан 1,3 млрд. сом бөлүнгөн. Баткендеги курулуштардын кечеңдеши, үйлөрдүн сапаты, жергиликтүү ишкерлердин акча ала албай жатканы жана тендерди утуп алган “Аманат Строй Инвест” ишканасынын айланасынадагы талкуулар Жогорку Кеңеште улам-улам көтөрүлүп келет.

14-апрелде “Ишеним” фракциясы Баткендеги курулуш боюнча жыйын өткөрүп, бир катар депутаттар курулуштун кечеңдешин сындап, “Аманат Строй Инвест” ишканасы тендерди кандайча утуп алганына кызыккан эле.

"417 үйгө 1 млрд. 300 млн. сом кетип жатат. Канча компания катышты эле?", -деп суроо салды депутат Нурбек Сыдыгалиев.

Бул суроого мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимов жооп берип, ошол маалда өткөрүлгөн сынактын талаптары тууралуу маалымат берди.

"Бул жерде өзгөчө кырдаал болгондуктан талап менен болгон. Мисалы, 417 үй курулушу керек деген сметасы менен үч күндүн ичинде сынак жарыяланган. "417 үй курулат, тендердик баасы ушунча болот" деп жалданма ишканаларга талап жөнөткөнбүз. Ошолордун ичинен “Аманат Строй” "биз кура алабыз” деген".

"Анын жетекчиси жөнүндө маалымат барбы? 20 жаштагы бала дейт го? Анын курулуш боюнча ушунча тажрыйбасы бар бекен?", -деп сураган депутат.

Акимов "ал боюнча менде маалымат жок экен" деп жооп узаткан.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 400дөн ашык үй жашоого жараксыз абалга келген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий билдирген. "Озоди" чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган, талкаланган турак жайлар бар экенин маалымдаган.

"Азаттыктын" иликтөөсү, милициянын реакциясы

Сөз болгон “Аманат Строй Инвест” жалдаган компаниялар - "Алмалы-Доор Курулуш" жана “Келечек ЛТД” жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей жатканы туурасында “Азаттык” 15-июнда иликтөө жарыялады. Анда Достук жана Капчыгай айылында үй салган эки компания жергиликтүү ишкерлерден курулуш материалдарын алып, анын акчасын төлөбөй жатканы айтылат.

16-июнда Ички иштер министрлиги “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Баткен шаарынын жашоочулары облустук милицияга арыз менен кайрылып, “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы 5 млн. 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, кайтарбай койгонун айтышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

“Тергөө учурунда “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н. шектүү катары суракка алынып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.


Ошол эле күнү Баткен облустук милициясы "Алмалы-Доор Курулуш" ишканасынын жетекчиси Добурбек Кадыровго издөө жарыялаганын билдирди. Ага дагы "алдамчылык" беренеси менен иш козголду.

"Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен 2023-жылы жалпы суммасы 1 295 482 сомдук курулуш материалдарын алып, 2023-жылдын 26-мартына чейин акчасын алып келип беремин деп алдап, убадалаган убактысында акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

ИИМ курулуштар боюнча тергөө уланып, кошумча маалымат берилерин айтты. “Келечек ЛТД” өкүлү Абдурахмон Махмудов “Азаттыктын” иликтөөсүндө “акчасын бригадирлер алдап кеткенин айтып, ишкерлерди сабыр кылып тургула” деп жооп берген.

Ал эми президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Баткендеги курулуштар боюнча сын-пикирлерге мындай жооп берди:

"Такталбаган маалыматтар менен “акчасын бербептир, мындай кылыптыр” дегенден алыс болушубуз керек. Эмне үчүн дегенде мамлекет тарабынан жалданма ишканаларга толук акча төлөнүп берилген. Анын ичинде кимиси кандай дүкөндөн материал алды, эмне алды бизге тиешеси жок. Ошондуктан туура маалыматты тактап, чындыкты айтышыбыз керек", - деди Туманбаев.


Быйыл жыл башында “Спутник” маалымат агенттиги үйлөрдү салып жаткан “Аманат Строй Инвест” компаниясына президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин тиешеси бар экенин жарыялаган. Туманбаев ал маалыматты четке каккан.

Баткенге өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча иштетилбей жатат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги иш-сапарында өзгөчө макамга ээ болгон Баткен облусун өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыты экенин белгиледи.

Жаңы курулган үйлөр, Баткен облусу. Июнь, 2023-жыл.
Жаңы курулган үйлөр, Баткен облусу. Июнь, 2023-жыл.

Анткен менен 15-июндагы парламент жыйынында айрым депутаттар облустун макамы боюнча бөлүнүүчү каражат кеч которулуп, жергиликтүү бийлик аны толук колдоно албай жатканын сындашты. Депутат Өмүрбек Бакиров мыйзамдын аткарылбаганы боюнча тийиштүү органдарды жоопко тартууну сунуштады.

“Мыйзам аткарылган жок. 500 млн. бөлүнүшү керек эле. Анын азыр 250 млн. сому гана иштетилди. Буга ким жооп берет?".

Депутатка президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары
Тимур Мадияров жооп кайтарды:

"Мен жогоруда айтып кеткендей, биз толук кандуу иш алып бардык. Азыр Лейлек районунда жети иш-чара ишке ашты. Баткен шаары, Баткен району, Кызык-Кыя ишке ашып жатат. Мыйзамдык жол-жоболору бар экен, алар аткарылып жатат", - деди ал.

2021-жылдын 10-сентябрында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде облусту өнүктүрүү максатында 2022-2035-жылдарга атайын “Жол картасы” иштелип чыгып, жылына 500 миллион сом бөлүнүп турат.

Депутаттар тобу “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, аймакты колдоо үчүн каржыны 1,5 миллиард сомго чейин көбөйтүү сунушун берип жатат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG