Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

Путин Шойгуну экономист Белоусовго алмаштырды


Владимир Путин жана Андрей Белоусов.
Владимир Путин жана Андрей Белоусов.

Орусиянын президенти Владимир Путин 12 жылдан бери коргоо министри болуп келген Сергей Шойгунун ордуна нагыз экономист Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштады. Аталган сунушту айрым жалпыга маалымдоо каражаттары күтүүсүз чечим катары сыпатташууда.

Бул Орусиянын Украинага басып киргенине эки жылдан ашкан жана бул согушка байланыштуу Орусиядагы кремлчил күчтөрдүн жана пропагандачылардын арасында Шойгунун дарегине сын айткандар көбөйгөн учурга туш келүүдө.

Путин 7-майда бешинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден кийин өкмөттү отставкага кетирген. Андан бери бардык өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин убактылуу аткарып жатышкан.

Мыйзамга ылайык, Орусиянын күч түзүмдөрүн тескеген министрлердин талапкерлигин өкмөт башчы эмес, президент сунуштайт. Алардын талапкерлигине Мамлекеттик дума эмес, Федерация кеңеши макулдук берет.

Шойгу Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Орус мамлекеттик медиасы жазгандай, Путин кызматтан алынган коргоо министри Сергей Шойгуну Николай Патрушевдин ордуна Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындады.

Владимир Путин жана Сергей Шойгу аскердик парадда. 9-май, 2024-жыл
Владимир Путин жана Сергей Шойгу аскердик парадда. 9-май, 2024-жыл

2008-жылдан бери Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп келген Николай Патрушев кайсы кызматка барары белгисиз. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков ал тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин айтты.

Ал эми 68 жаштагы Сергей Шойгу Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштөө менен бирге Аскердик-өндүрүштүк комиссияда Путиндин орун басары болуп, Аскердик-техникалык федералдык кызматта кураторлук да кылмакчы.

Сергей Шойгу дээрлик 30 жылдан бери орус өкмөтүнүн мүчөсү болуп келсе, 2012-жылдан бери коргоо министри кызматын аркалаган. Ал Путиндин ишенимдүү адамдарынын бири деп сыпатталып жүрөт. Бирок соңку мезгилде Украинадагы согушка байланыштуу Орусиядагы кремлчил күчтөрдүн жана пропагандачылардын арасында Шойгунун дарегине сын айткандар көбөйгөн.

Жакында эле Шойгунун орун басары, армиядагы башкы "куруучу" аталган Тимур Иванов министрликтин буюртмасы менен жүргүзүлгөн курулуштардын бирине деп мамлекеттен каражат бөлүнгөндө "өзгөчө ири өлчөмдө пара алган" деген айып тагылып кармалган.

Жаңы коргоо министри Андрей Белоусов ким?

Шойгунун ордун баса турган 65 жаштагы Белоусов ушул күнгө чейин Орусия өкмөтүнүн биринчи вице-премьери болуп иштеп жаткан. Аны экономикалык блок боюнча куратор деп айтып келишкен.

Андрей Белоусов нагыз экономист, анын армия, коргонуу, дегеле аскердик стратегия менен түз катышы болгон эмес. Ал өмүрүнүн көп жылында мамлекеттик кызматта иштеп, анын ичинде экономикалык маселелер менен алектенген. Ал либералдуу экономиканы жактабай турганы, экономиканы тескөө-көзөмөлдөөдө, дегеле экономикада мамлекеттин катышы көбүрөөк болушун жактай турганы айтылат.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков экономисттин коргоо министри болушун комментарийлеп жатып, согуш талаасында “ким инновацияга ачык болсо, ошол жеңет” деп билдирди. Ал муну менен чечимди Украинадагы согушка байланыштырды. Песковдун айтымында, министрликтеги аскердик тармак менен Башкы штаб, анын башчысы Валерий Герасимов алектене берет.

Орус-украин согушу.
Орус-украин согушу.

Белоусовдун талапкерлигин коргоо министри кызматына бекитүү маселесин Федерация кеңеши 14-майда карайт.

Ал эми орус өкмөтүнө сунушталган башка министрлер булар:

Орусиянын президенти Владимир Путин Федерация кеңешине Сергей Лавровду тышкы иштер министри, Владимир Колокольцевди ички иштер министри, Александр Куренковду өзгөчө кырдаалдар министри, Константин Чуйченкону юстиция министри, Александр Бортниковду ФСБ башчысы, Дмитрий Кочневду Федералдык күзөт кызматынын башчысы, Сергей Нарышкинди Тышкы чалгын кызматынын башчысы, Виктор Золотовду Росгвардиянын башчысы катары бекитип берүүнү сунуштады.

7-майда бешинчи президенттик мөөнөткө киришкен Владимир Путиндин инаугурациясы өткөн.

Кезектеги, бул жолу алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайлоо Орусияда быйыл март айында болгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, 71 жаштагы Путин добуштардын 87,3% алды. "Голос", "Важные истории" жана "Новая газета Европа" басылмалары шайлоодо добуштар бурмаланганын, Путиндики деген добуштардын болжол менен 22 миллиону жасалма экенин жазышкан. 2020-жылы Орусияда кабыл алынган мыйзамга ылайык Конституцияга өзгөртүү киргизилип, өлкөнү 2000-жылдан бери башкарып келе жаткан Путинге президенттик шайлоого дагы эки жолу катышып, 2036-жылга чейин бийликте калууга жол ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG