Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Кемпир-Абад иши: абактагылар атайын прокурорго кайрылды


Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта жаткандар №1 тергөө абагынын жана Жаза аткаруу кызматынын кызматчыларынын аракеттерине байланыштуу атайын прокурорго кайрылуу жолдошту. Абактагы тогуз киши кол койгон кайрылуу айыпталуучулардын бири Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырылды. Катта “Кемпир-Абадды коргоо - кылмыш эмес” деген футболкаларын аталган мекеменин кызматкерлери тартып алганы жазылган. Ушуга байланыштуу мыйзам бузган кызматкерлерге чара көрүүнү суранышкан.

"Биз жокто камерага кирип алып кетишкен, кээ бирлерден күч менен тартып алышкан, ал эми кээ бирлерден кийип турган жеринен басмырлап чечип алышты. Мыйзамга ылайык кийим, жогоруда айтылган жазуу менен тыю салынган буюмдарга кирбейт. Ушуга байланыштуу, бизге басым жасаган, мыйзам бузган кызматкерлерге чара көрүүңүздү суранабыз".

Жаза аткаруу кызматы бул кайрылуу тууралуу комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG