Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Газа: Израилдин соккусу, ок атышууну токтотуу сунушу


Израил армиясынын аба соккуларынан жакындарын жоготкон Рафах шаарынын тургундары. Газа тилкеси. 29-апрель, 2024-жыл.
Израил армиясынын аба соккуларынан жакындарын жоготкон Рафах шаарынын тургундары. Газа тилкеси. 29-апрель, 2024-жыл.

АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС уюму Газа тилкесиндеги ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу сунушту карап жатканын маалымдады.

29-апрелде аталган уюмдун өкүлдөрү Египетте өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин ушундай билдирүү менен чыкты. АКШ ХАМАСты тезинен чечим кабыл алууга чакырды. Ал арада Израилдин армиясы Газа тилкесине сокку урууну улантып жатат. Дүйшөмбүдө ондогон палестиндердин өмүрү кыйылганы кабарланды. Тель-Авивде радикал уюмдун туткунундагы израилдиктерди бошотууну талап кылган ири митинг өттү.

Израилдин аба соккусунан үйү талкаланган Абдель Рахман Барика жарадар энеси менен балдарын сыртка алып чыга албай, айласы куруганын айтат.

"Абдан кыйналдык. Өзүм жаракат алып, араң чыгып, кансырап жаткан апамды таштай албадым. Же энемди. же балдарымды алып чыгыш керек болуп, кантээримди билбей калдым. Апамды өзүм жалгыз алып чыга албай, Кызыл Чырым уюмуна кайрылып, эптеп ооруканага жеткирдим", - дейт Абдел Рахман Барика.

Израил армиясынын аба соккусунан жабыркаган Абдел Рахман Барика. 29-апрель, 2024-жыл. Рафах.
Израил армиясынын аба соккусунан жабыркаган Абдел Рахман Барика. 29-апрель, 2024-жыл. Рафах.

Барика чабуул анын үй-бүлөсү уктап жаткан маалда болгонун айтууда.
29-апрелде ЦАХАЛдын Рафахтагы үч үйгө тийген аба соккусунан кеминде 25 киши мүрт кеткени кабарланды.

Өлкө түштүгүндөгү Рафах шаарында учурда миллиондон көп адам баш калкалоого аргасыз. Бул Газада жашаган 2,3 миллион калктын дээрлик жарымы дегенди билдирет.

Бул маалда АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС уюмунун лидерлери анклавдагы ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына катышуу үчүн Каирге барган.

"ХАМАС тезирээк чечим кабыл алуусу керек"

Газадагы ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы бир нече жумадан бери уланууда. Катар менен Египет анклавдагы согушту 40 күнгө токтотуп, ХАМАСтын колундагы 133 туткунду бошотууну караган макулдашууга жетишүү аракетин көрүп жатышат. Алардын 30у набыт болгону кабарланган.

Бул күндөрү Жакынкы Чыгышта иш сапарда жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ХАМАСты Израилдин сунушун кабыл алууга чакырды.

"ХАМАС Израилден абдан эле кең пейил сунуш алды. Газанын тургундары тынчтыкка бир кадамдай эле жакын турат. ХАМАС тезирээк чечим кабыл алышы керек. Алар туура чечим кабыл алат деп үмүттөнөм", - деди ал.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Сауд Арабия. 29-апрель, 2024-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Сауд Арабия. 29-апрель, 2024-жыл.

Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри келишим түзүлөт деп үмүт артарын кошумчалады. Анын айтымында, соңку сунуш эки жактын тең кызыкчылыктарына туура келет.

ХАМАС радикал уюму 30-апрелде бул сунушту изилдеп жатканын билдирди.

Апрелде ХАМАС Израилдин ок атышууну алты жумага токтотуп, бул убакыт ичинде 40 аял менен баланы бошотууну караган сунушун четке каккан. Ал макулдашуунун алкагында израил бийлиги түрмөдөгү жүздөгөн палестиндерди бошотууга даяр экенин билдирген.

Axios сайты буга чейин Израилдин жетекчилигиндеги булактарына таянып жазгандай, Тель-Авив анклавдын чыгышын жана батышын бөлгөн коридордон аскерлерин чыгарып кетүүгө даяр.

Туткундарды бошотуу талабы

Ал арада 29-апрелде Тель-Авивдин борбордук аянтына миңдеген адамдар чогулуп, Газа тилкесинде ХАМАСтын туткунунда алты айдан бери кармалып турган 130 адамды бошотууну талап кылышты. Демонстранттар жолду тороп алганда, полиция менен кагылыша кетти. Митингдин беш катышуучусу камалды.

ХАМАС радикал уюму 7-октябрда Израилдин конуштарына кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алып кеткен. Былтыр ноябрдагы ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында алардын жүздөн көбү бошотулган. Арасында чет элдиктер да көп болчу. Аларды радикал уюм чет мамлекеттердин өкмөттөрү менен өз алдынча сүйлөшүлгөн макулдашуунун алкагында коё берген.

"Рафахтагы аскердик операция убактылуу токтошу мүмкүн"

Израилдин тышкы иштер министри 27-апрелде билдиргендей, эгер ХАМАС радикал уюму менен келишим ишке ашса, Рафахка пландалып жаткан чабуул убактылуу токтошу мүмкүн.

Израил ХАМАСтын соңку таянычы деп атаган Рафах шаарына чабуул коюуга бир нече жумадан бери камданууда. Батыш мамлекеттери, анын ичинен АКШ жайкын тургундардын коопсуздугун эскертип, Тель-Авивди кол салуудан карманууга чакырып келишет.

Израилдин аскерлери ХАМАСтын 24 батальонунун 20сын жок кылганын, калганы Рафахта жашырынып жатканын айтып келет.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин кеминде 34 миңи каза болгонун анклавдын саламаттык сактоо башкармалыгы билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG