Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Астана шаарында Айкөл Манас айкели ачылды


Манастын эстелиги. Астана. 19-апрель, 2024-жыл.
Манастын эстелиги. Астана. 19-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында Казакстанга расмий сапарынын алкагында Айкөл Манас айкелинин ачылыш аземине катышты.

Эстелик Казакстандын баш калаасындагы Кабанбай баатыр атындагы борбордук көчөлөрдүн бирине орнотулду. Айкелдин бийиктиги 10 метр, постаменти граниттен, ал эми скульптура колодон жасалган.

Эстеликтин мыкты эскизине болгон сынакта скульптор Үрүстөмбек Пазылов жеңүүчү аталган, долбоордун архитектору - Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Улан Бейшенбаев.

Эстеликтин салтанаттуу ачылышынан кийин эки өлкөнүн мамлекет башчылары куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Айкөл Манастын эстелигинин ачылышы эки өлкөнүн эли үчүн маанилүү экенин жана казак элинин терең урматтоосунан кабар берерин айтты. Эки жыл мурда Бишкекте казак акыны Абайдын эстелиги тургузулганын, казактар менен кыргыздардын тамыры орток экенин белгиледи.

"Мындай демилгелер кылымдарды карыткан жалпы тарыхы бар боордош элдердин достугун ого бетер бекемдейт", - деди ал.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өз кезегинде бул кыргыз эли үчүн өзгөчө күн экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы казак окумуштуусу Чокан Валихановдун "Талаа Илиадасы" деп атаган "Манас" эпосун сактоого жана изилдөөгө казак элинин кошкон салымын таануунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы мамилелерде жаңы доор башталды деген ишенимин билдирди. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG