Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Кыргыз-казак мамлекеттер аралык Кеңешинин жыйынынан кийин жети келишимге кол коюлду


Астана. 17-апрель, 2024-жыл
Астана. 17-апрель, 2024-жыл

19-апрелде Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев Кыргыз-казак мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы отурумуна катышты.

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан Казакстан үчүн жөн гана коңшу эмес, боордош өлкө жана маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборунда болгон аварияга байланыштуу гуманитардык жардам үчүн боордош казак тарабына ыраазычылык билдирип, Казакстандын аймактарындагы суу ташкындарынын кесепеттери менен күрөшүүдө колдон келген жардамды берүүгө даярдыгын айтты.

Жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстан менен Казакстандын профилдик мамлекеттик органдарынын соода жана инвестиция, транспорт жана транзит, суу жана энергетика, ошондой эле маданият сыяктуу ар кыл багыттардагы эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги тууралуу баяндамаларын угушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү келишими;

2. Мамлекеттер аралык Кеңештин чечими;

3. 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;

4. Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

5. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Автоунаа өткөрүү пункттарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы (Жол картасы) ;

6. Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги жана Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар, аэрокосмостук өнөр жай министрлиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

7. Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-апрелде Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусунда Астанага расмий сапар менен барган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG