Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Орусиянын бомбалоочу Ту-22М3 учагы кыйрады


Ту-22М3. Архивдик сүрөт.
Ту-22М3. Архивдик сүрөт.

Украина Орусиянын стратегиялык бомбалоочу Ту-22М3 учагын учуп баратканда жок кылганын, мындай жыйынтыкка өлкө биринчи жолу жетишип отурганын украин аскер кызматкерлери 19-апрелде билдиришти. Операция өлкөнүн Аскердик-аба күчтөрүнүн зениттик-ракеталык бөлүктөрүнүн жана Аскердик чалгын мекемесинин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында ишке ашканы белгиленди.

Украинанын Аскердик-аба күчтөрүнүн расмий өкүлү Илья Евлаш «Бул Орусиянын стратегиялык авиациясы бүгүн биздин тынч жаткан шаарларыбызга чабуул койгону, жай тургундарыбыз каза болгону үчүн өч алуубуз», - деп «Свобода» радиосуна айтты.

Х-22 ракеталарын алып жүрүүчү, бомбалоочу Ту-22М3 учагы Ставропол крайында кыйроого учураганын, экипаждын бир мүчөсү каза болгонун Орусиянын Коргоо министрлиги да тастыктады, бирок буга «техникалык мүчүлүштүк» себеп болгонун билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, учак күжүрмөн тапшырманы аткарып бүткөндөн кийин аэродромго кайтып бараткан учурда кыйраган.

Украина учакты атып түшүргөнүн, бул согуш башталгандан бери алгачкы жолу орус армиясынын стратегиялык бомбалоочу учагы асманда талкаланган окуя экенин айтууда.

Буга чейин Ту-22М3 учагынын дагы бири аэродромдо турганда дрон чабуулуна кабылганы, Украина Орусиянын А-50, Су-30, Су-24, Су-34 учактарын да жок кылганы кабарланган.

19-апрелде орус армиясы Украинанын шаарларын жана энергетикалык инфраструктурасын бутага алды. Днепр шаарында кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылды, 25 киши жараат алды, үйлөр кыйрады.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG