Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Эркин күрөштөн эки балбан Олимпиадага лицензия алды


Бекзат Алмаз уулу Мункх Эрдене Батхуяг менен күрөшүп жаткан учур. 19-апрель, 2024-жыл.
Бекзат Алмаз уулу Мункх Эрдене Батхуяг менен күрөшүп жаткан учур. 19-апрель, 2024-жыл.

19-апрелде Бишкек Арена спорт комплексинде быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев лицензия алды.

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу лицензия үчүн күрөштө монголиялык Мункх Эрдене Батхуягды 3:3 эсеби менен утту. 65 кг салмакта Эрназар Акматалиев Түндүк Кореядан келген Кванг Жин Киманы 5:3 эсебинде жеңип, Олимпиадага жолдомо алды.

74 кг салмак ченинде Орозобек Токтомамбетов лицензия үчүн беттеште өзбекстандык атаандашына утулду.

Ушуну менен 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо болду. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG