Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Кыргызстанда май айында беш күндүк эс алуу болот


Бишкектин борбордук аянтындагы майрамдык иш-чаралардын бири. Архив.
Бишкектин борбордук аянтындагы майрамдык иш-чаралардын бири. Архив.

Аптасына беш күн иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери 1-5-май күндөрү беш күн эс алышат. Бул күндөр аралыгындагы иш күндөрү башка күндөргө которулат.

Тагыраагы, мамлекеттик мекемелер 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-майда, 3-майдын ордуна 11-майда иштейт.

Ал эми 9-май майрам күн болгондуктан дем алыш болот.

Алты күндүк иш тартиби менен иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алышат.

Эмгек кодексине ылайык, Кыргызстанда май айында расмий үч майрам бар.

  • 1-май - Эмгек майрамы;
  • 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
  • 9-май - Жеңиш күнү.

Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, майрам күнү дем алыш күндөргө туш келсе, кийинки иш күнү дем алыш болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG