Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Орусияда 900дөн ашуун мурдагы мигрант аскердик каттоого тургузулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Свердлов облусунда орус паспортун алган 900дөн ашуун мурдагы мигрант аскердик каттоого тургузулду. Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттиги Тергөө комитетине шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын башынан бери аталган аймакта орус паспортун алып, бирок аскердик каттоого турбаган 1340 киши аныкталган. Рейддердин маалында аларга дароо аскер комиссиариатына жолдомолор тапшырылган.

Андан тышкары ушундай эле рейддер Екатеринбург, Нижний Тагил, Первоуральск, Богданович жана Сухой Лог шаарларындагы негизинен мигранттар топтолгон жайларда - жашылча-жемиш базарларында, жатаканаларда жүргүзүлгөн.

Ошол эле маалда Ички иштер министрлигинин Москва боюнча башкармалыгы билдиргендей, соңку жумаларда рейддердин алкагында алты миңдей киши миграция мыйзамдарын бузуп жүргөнү аныкталган. Алардын 800дөйү өлкөдөн чыгарылары кабарланды.

Ушул эле рейддердин алкагында мурда издөөдө жүргөн 22 киши аныкталганы маалым болду.

Ал эми Красноярскиде полиция кармалган мигранттарга орус жарандыгын алуу үчүн Коргоо министрлиги менен аскердик кызмат өтөө боюнча келишим түзүүнү сунуштоодо.

“Ар бириңер Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, ар бириңер Орусиянын жараны боло аласыңар”, - дейт полиция Ички иштер министрлиги жарыялаган видеодо.

“Крокус Ситидеги” кандуу калабадан кийин Орусиядагы борборазиялык мигранттар күчөп кеткен ксенофобияга жана рейддерге байланыштуу ишке эмес, көчөгө чыга албай калганын айтышууда.

145 кишинин өмүрүн алган кол салуу үчүн “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу жоопкерчиликти өз мойнуна алган. Орус бийлиги кол салууга тиешеси бар деген шек менен ондон көп адамды кармаган. Алардын басымдуу бөлүгү теги тажикстандыктар экени маалым болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG