Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 13-мартта кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин жакшыртуу үчүн ушундай жарлык кабыл алынганы жазылат. Буга чейин ипотекалык компания Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы эле турак жай алуу үчүн 38 миң 209 адам Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турган. Электрондук порталга ушул тапта 100 миңге жакын адам (99 миң 931) кезекке жазылган. 2015-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 18 миңден ашык киши үйлүү болду.

Бишкектин бир нече жеринде мамлекеттик ипотека үчүн турак үйлөрдүн курулуштары башталды.

Президенттин иш башкармалыгы өлкө башчынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин президенттин администрациясынын жана парламенттин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону ишке ашырат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG