Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Текебаев “матрешкагейт” ишин караган польшалык судьяга жолукканын билдирди


Сүрөт Текебаевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Текебаевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 2006-жылы “Матрешкагейт” окуясы боюнча ишин караган польшалык судья Малгожата Шамборскага жолукканын билдирди. Текебаев бул тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында жазды.

“18 жыл мурун Варшавага келип, кире албай кайра кеткем. Анткени, аэропортто багажымдан героин аралашкан ак порошок салынган матрёшка табылган. Мен кармалып, түрмөгө олтургузулгам. Ошол ишти жаш судья кыз карап, фактыларды, жагдайларды, биографиямды эске алып, мени актап, түрмөдөн бошоткон”, - деп жазды.

Текебаев судья Малгожата Шамборска менен 9-март күнү жолугуп, ичине курут салынган матрешка оюнчугун белек бергенин билдирди.

2006-жылы сентябрда чет өлкөгө иш сапары менен чыккан ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Текебаев маңзат алып баратат деген негиз менен Польшада кармалган. Кыргыз депутатынын кол жүгүнөн орустардын улуттук оюнчугу болгон матрешканын ичине катылган 600 грамм маң зат табылган. Варшаванын соту эки күндөн кийин "бул саясатчыга карата провокация болгон" деген чечимге келип, Текебаевди бошоткон. Ошол кездеги оппозиция мунун артында Кыргызстандын бийлиги турат деп айыптаган. Атап айтканда, Текебаевдин багажына матрешканы атайылап салды деп ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевди күнөөлөшкөн. Апрель окуясынан кийин бул иш боюнча Жаныш Бакиевге сыртынан айып тагылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG