Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

УКМКнын интернет трафигин көзөмөлдөгөн технологиясы августта ишке кирет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) интернет трафигин анализдеп, аны башкаруу, статистикалык маалыматтарды чогулта турган DPI (Deep Packet Inspection) технологиясын орнотуп, ал августтан тартып ишке кириши мүмкүн.

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин орун басары Жазгүл Кийизбаева Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында билдирди. Кийизбаева бул жашыруун маалымат экенин айтты. Мунун алдында депутат Эрулан Көкүлов Кыргызстандын тийиштүү мекемелери сайттагы kg домендеринен сырткары com, org домендерине бөгөт кое алабы, жокпу деген суроо салган.

"Ютуб, ТикТок, Инстаграм жана Фейсбукту блокко коюш үчүн Мета тобуна Санарип министрлиги кат түрүндө кайрылуу жасашыбыз керек. Алар мамлекеттик эмес жеке ишканалардын катарына киргендиктен биз мажбурлай албайбыз. Алар макул болсо бизде кээ бир интернет баракчаларды жаап койгонго мүмкүнчүлүк түзүлөт. Соттун чечими менен социалдык тармактарды толук блокко коюш керек. Анда биздин жарандарыбыз жакшы жаңылыктарды деле ала албай калышат", - деди Кийизбаева.

Министрдин орун басары буга улай УКМК ишке киргизип жаткан технология тууралуу айтты.

Жогорку Кеңеш балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Жамиля Исаеванын айтымында, турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан, бала компьютер оюндары, уюлдук байланыш, жарнама, интернет тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылып жатат.

УКМК министрдин орун басары айткан маалымат боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин кыргыз өкмөтү интернет мейкиндигин жөнгө салуучу мыйзам долбоору даярдалып жатканын маалымдаган. Жогорку Кеңеште интернетти мониторинг кылчу, көзөмөлдөй турган өзүнчө бир орган түзүү тууралуу демилге да көтөрүлгөн.

2019-жылы май айынын башында Кыргызстанда кирген-чыккан интернет-трафикти эсепке алуу жана көзөмөлдөө боюнча өкмөттүн токтомунун долбоору даярдалган.

Бир катар адистер муну "Интернетти ооздуктоонун амал-айласы" катары баалашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG